Министр: «Миллион калктуу шаарга тез жардам ооруканасы керек»

Стратегиялык документтерди жана калктын муктаждыктарын талдоонун негизинде 2021-жылдын 9-февралында президенттин жарлыгы чыгып, анда иштеп жаткан ооруканалардын базасында көп тармактуу ооруканалардын тармагын түзүү зарыл экендиги белгиленген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Миллион калктуу шаарга тез жардам ооруканасы керек. Бул мезгилдин жана калктын талабы. Оорулуу тез жардам кызматы оорукана менен бирге ооруканага жаткыруу маселелерин чечкиче күтө албайт. Оорулуу ооруканага жеткирилиши керек, ал жерде анын абалын турукташтырып, андан кийин оорунун профилине жараша которуу чечилиши керек. Эң негизгиси бейтапты тез арада ооруканага жеткирүү, ал жерде кеңейтилген функциялар болот, биз өмүрдү сактап калгыбыз келет.

Оорукананы кайра куруу биздин бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүгө эч кандай таасирин тийгизбей турганын баса белгилегим келет. Физикалык жактан оорукана жабылбайт, травматология бөлүмү иштейт, көп адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн тез медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Албетте, жаңы ооруканаларды куруу жеңил. Бирок бул үчүн ансыз да жетишсиз болгон медициналык кадрларды алуу керек, кошумча каражат керек, эң негизгиси убакыттан уттурабыз. Биз азыр аракет кылышыбыз керек! Ошондуктан биз «колдо болгон ресурстарга таянуу менен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу» жолу менен бара жатабыз.

Ар бир жүргүзүлүп жаткан реформа саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине тиешелүү экенин түшүнөм. Жана көптөгөн лидерлер аларды жеке кабыл алышат. Анан реформа маселелерин жекеге өткөрүп берип, жекеликти саясатташтыра башташат. Дагы бир жолу кайталайм, реформалар өлкө жетекчилигинин, Министрлер кабинетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат» — дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев.