Министр Тажикстандын кол салуусунда өз ыктыяры менен Баткенге барган дарыгерлерди сыйлады

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда Баткендеги куралдуу кагылышта Баткен облусундагы кесиптештерине жеринде жардам берүүгө алгачкылардан болуп өз ыктыяры менен кол сунган медицина кызматкерлери сыйлады.

Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери төш белгиси менен:
Сүйүнбек Ажыбеков – хирургиялык гастроэнторология жана эндокринология бөлүмүнүн дарыгери;
Иса Дыйканалиев – Медициналык жардамдын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Назарбек Гапыров — №2 нейрохирургия бөлүмүнүн даыгери;
Руслан Мурадов – Жаак бет хирургия бөлүмүнүн хирург дарыгери;

Гүлсада Сейдибалиева – Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн медайымы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен:
Мээркан Мамытова – №2 нейрохирургия бөлүмүнүн операциялык медайымы;
Кеңешкүл Асаналиева — Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезист медайымы;
Оксана Кабардина — Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезист медайымы;

Гүлжан Мукашова – Торакалдык хирургия бөлүмүнүн палаталык медайымы.