Министр: «Таластагы заводдорго жабдуу сатып алууда мүчүлүштүктөр кеткен»

Жогорку Кеңеш учурда өкмөттүн 2021-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдыгы тууралуу маалыматын угуп жатат.  Жыйындын жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев Таласта иштебей турган эки заводдун тагдырына кызыкты.

«Таласта чипсы чыгарган завод менен кант заводу иштеп баштайт деп, 10 жылдан бери эле элди алдап келе жатабыз. Жыл сайын «мына, жакында ачылат» дейбиз. Ошолор эмне болду?», — деп сурады Бокоев.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков заводдордун качан ачылары дагы деле белгисиз экенин айтты.

«Картошканы кайра иштетүүчү завод дагы, кант заводу дагы жабдууларды алып атканда бир топ мүчүлүштүктөрдү кетиришкен экен. Ошого кайра иштете албай кыйналып атышат. Азырынча бул күнү иштетип ийебиз деп айта албайбыз. Бул ишти биз, министрлик, көзөмөлгө алалы. Жакында Таласка барам, ошондо абалдан чыгуунун жолдорун тактайын, анан жооп берейин»,- деди Аскарбек Жаныбеков.

Кенжебек Бокоев бул иште коррупциялык схема бар экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Таластагы картошканы кайра иштетүүчү завод 2011-жылдын аягында курулган. Жабдууларды алууга Индия өкмөтү 2,4 миллион доллар грант бөлүп берген. Долбоордун сметалык наркы 21 миллион сомду түзгөн. Объект ошондон бери иштебей турат.