«Видео байкоо орнотулуп, Сосновка постунда төлөм чогултуу 49 пайызга өстү». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасында билдирди.
«Министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видео байкоо орнотконбуз. Жыйынтыгында быйылкы жылдын биричи кварталында, былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда төлөм чогултуу 49 пайызга, ал эми Кара-Көл постунда 39 пайызга өстү.
Салмак-габариттик текшерүү пункттарында көзөмөл күчөгөндөн кийин 2022-жылга салыштырмалуу быйыл түзүлгөн протоколдордун саны 299 пайызга, ал эми айып пулдар 253 пайызга өстү. Башкача айтканда, акчалар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүп баштады. Салмак-габариттик текшерүү пункттарынын баарына видео байкоо орнотулат.
Коррупция менен күрөшүү максатында акча чогулта турган жерлерде адамдык факторлордон качып, бүт баарын электрондоштуруп санарип системага өтүүгө тапшырма бергем», — деп жазылат билдирүүдө.