Министрлер кабинети кыргыз-тажик делегациясынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады

Кыргызстандын Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат.

Ошондой эле эки өлкө аталган анклавдын чегин «Кожалы-Ворух» жолунун курулгандан кийин тактоону макулдашкан. Андан сырткары эки тарап №43 — №61, №135 — №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.

Ошондой эле эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.

«Тараптар, боордош элдердин байыркы тарыхына шилтеме жасап, түшүнүшүү менен бардык чек ара маселелерин өз ара чечүүгө даяр экендиктерин бекем билдиришти. Тараптар кийинки биргелешкен жолугушуу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт деп макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.