Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев Бишкек шаарындагы № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирус инфекциясына каршы «Sinopharm» вакцинасын алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азамат Дыйканбаев калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандарды андан үлгү алууга, вакцинациялоого активдүү катышууга чакырды.