Министрлер Советинин төрагасы болгон маркум Болот Мамбетовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылды

Өлкө башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

«Учурунда Ата Мекенине арнаган опол тоодой эмгеги бааланбай, көзү өтүп кеткен аталарыбыз бар. Алардын жасаган иштери өз мезгилинде татыктуу белгиленбесе да, калың кыргыз журтчулугу тарабынан бааланып, ооздон-оозго өтүп, ысымдары азыркыга чейин чоң сыймык, тамшануу менен айтылып келет. Тарыхый акыйкаттык үчүн мамлекет тарабынан мына ушундай улуу инсандардын Ата Мекен алдында сиңирген эмгектери бааланса деген тилектери менен коомчулуктун өкүлдөрү кайрылышты. Чындыгында эле эбегейсиз иштерди жасап кеткен улуттун чыгаандарын унутта калтырбашыбыз керек.

Алардын бири – учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы болгон маркум Болот Мамбетов. Анын жетекчилиги астында кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуш учурунда батыштан эвакуацияланган ири ишканалар кыска мөөнөттө ишке киргизилип, 38 өнөр жай объектисинин курулушу уюштурулган экен. Ал эми республикадагы дээрлик баардык ири суу сактагычтар менен негизги ирригациялык системалардын курулуштарынын башталышы дал ушул адамдын ысымы менен байланыштуу. Болот Мамбетовдун Ата-Журт алдында өтөгөн эмгеги өлчөөсүз. Ошондуктан мен тарыхта из калтырган чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Болот Мамбетовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Кан күйгөн согуш деп калдык. Ошол Улуу Ата Мекендик согушта “Ленинград блокадасы” деген ат менен тарыхта калган, 900 күнгө жакын убакытка созулган каргашалуу мезгил белгилүү. Мына ошол Ленинград блокадасынан эвакуацияланып, Ысык-Көл облусуна алынып келинген 150 баланы асырап-чоңойткон Токтогон Алтыбасарова деген апабызды да жакшы билесиздер. Мына ошол легендага айланган Токтогон Алтыбасарова апабызга көзү өтүп кетсе да “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын ыйгаруу чечими кабыл алдык. Бул артыкчылык даражасы кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү акын, дасыккан котормочу, маркум Түмөнбай Байзаковго, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мүлдө кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге да ыйгарылган. Бул чечимдерибиздин расмий жөрөлгөсүн бүгүн жасаганы турабыз.

Бул ирет “Эмгек Баатыры” наамы СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, маркум Сүймөнкул Чокморовго да ыйгарылды. Кыргыздын жүзүнө айланган бул эл уулу кастарланып, кадырланууга татыктуу экенин баса белгилейм», — деди президент.