Министрлик: «Адам жана коом» окуу китептери массалык түрдө басылып жатат деген билдирүү калп

Жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстары үчүн «Адам жана коом» предмети боюнча окуу китептери массалык түрдө басылып жатат деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан китеп чыгаруу жаатындагы ченемдик актыларга ылайык кайсы гана окуу китеби болбосун адегенде милдеттүү түрдө төмөнкү экспертизалардан өтүүгө тийиш: илимий, илимий-педагогикалык, басмырлоого каршы жана гендердик экспертизалар. Экспертизанын үч түрү боюнча оң корутунду алынган учурда окуу китеби мектептерде мугалимдердин катышуусунда практика-педагогикалык (апробациядан) экспертизадан өтүүгө тийиш. Апробациянын жыйынтыгы боюнча окуу китеби авторлор же басма тарабынан кайрадан оңдолот. Ошондон кийин гана, оң жыйынтыктоочу корутунду алынган учурда, министрлик аны колдонууга сунуштайт.
Министрлик мына ушундайча мектептик окуу китептеринин сапатын жакшыртууга аракет кылып жатат.