Министрлик бир окуучунун күнүмдүк тамак-ашына 14-20 сом бөлүүнү сунуштап жатат

Билим берүү жана илим министрлиги бир окуучунун бир күндүк тамак-ашына бюджеттен 14-20 сомдон бөлүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын тамак-ашына бюджеттен 7 сом, алыскы аймактарга 10 сом бөлүнүүдө. «Азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Каржы министрлигине мектеп окуучуларынын тамак-ашын каржылоону, башкача айтканда, 7 сомдон 14 сомго, 10 сомдон 20 сомго көтөрүү сунушталды. Биз тендерлерди өткөрүп жатабыз. Бирок көптөгөн жеткирип берүүчүлөр ага катышууну каалашпайт», — деди ал.