Министрлик коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга Бишкекте 90 орун даярдады

COVID-19 менен ооруган балдарды жаткыруу үчүн Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун экинчи базасында (Тоголок Молдо көчөсү,1) 90 орундуу бөлүм иштөөдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курч респиратордук вирустук инфекцияга жана пневмонияга шектелген балдар буга чейин аталган базада дарыланып келишкен, эми лабораторияда тастыкталган COVID-19 менен ооруган балдар дал ушул бөлүмгө жаткырылат. COVID-19 менен ооруган балдар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылбайт. «Бул режим эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин уланат», — деп белгилешти министрликтен. Кардиоревматология жана аллергология бөлүмдөрү Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун биринчи базасына убактылуу өткөрүп берилди (Ахунбаев көчөсү, 190).