Министрлик: «Кыргызстанда аял кишини сүннөткө отургузууга тыюу салынган»

Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай операцияларга жол берилбеши керек, анткени алар аялдарды майып кылып, укуктарын бузат. 

«Кесепеттери тырык гана эмес, инфекциялар, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыз учурунда оорушу, кисталар, тукумсуздук жана, албетте, төрөттүн татаалдашы жана аялдын өлүм коркунучу жогорулайт», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Буга чейин саясатчы Феликс Кулов Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга республикада орун алышы мүмкүн болгон аялдарды сүннөткө отургузууга чара көрүүнү суранган.