Министрлик: «Кыргызстанда окуу жылы 8-июнда аяктайт»

Кыргызстанда окуу жылы 8-июнда аяктайт. Эртеси 9-июнда саат 09:00дө Акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 17-майда Билим берүү жана илим министрлигинде райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана окуу-методикалык борборлордун жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрүлгөн. Жыйында республиканын мектептеринде Акыркы коңгуроо майрамына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Мектеп жетекчилигине Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө мектептин аймагында окуучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилген. Мындан тышкары, иш-чарадан кийин ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу тапшырылды.