Министрлик: «Медициналык беткаптарда курттар жок. Таркатылган видео жалган»

Медициналык бет каптарда курт сымал жандык табылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин айтымында, социалдык тармактарда тарап кеткен медициналык бет каптарда курт сымал жандык бар делген видеого байланыштуу, атайын бет каптарга текшерүү жүргүзүлдү.

“Бизбет каптарды макроскопиялык жана микроскопиялык изилдөөлөрдүн негизинде карап чыктык. Эч кандай мите курттарды жана башка майда жандыктарды таба алган жокпуз. Анда бет каптын ичиндеги эле ичке жипчелер эле көрүнүп жатты. Балким аталган видеонун авторуна ичке жипчелер курт сыяктуу болуп көрүнсө керек»,-деп билдиришти Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен

Ошондой эле бет каптарды кургак жана ным түрүндө да карап чыгышкан. Бирок тилекке жараша курт аныкталган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында жаңы медициналык бет каптарда курттар чыгып жатат деген видео тарап, коомчулуктун үрөйүн учурган.