Министрлик: «Мигранттарды Орусияда террордук актыларга катышуу үчүн жалдоо жүрүп жатат»

Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү мигранттарды социалдык тармактар аркылуу тарткан алдамчыларга ишенбөөгө чакырды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана популярдуу Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет. Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо.
Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат. Ошол эле учурда Министрлик террордук актыга катышуу Орусиянын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.