Ош облусунун Ноокат районунда уй эти 600 сом, ал эми кой этинин баасы 650 сомдон ашырылбай сатылууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Белгилей кетсек, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.