Министрлик: Сүннөткө отургузгандан кийин каза болгон баланын жүрөгүнүн согуусу токтоп калган

Сүннөткө отургузгандан кийин каза болгон 7 жаштагы баланын жүрөгүнүн согуусу токтоп калган. Анын өлүмүнүн себеби кансыроо эместигин Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

«Бала кансырап каза болгон жок. Анын өлүмүнө наркоз учурунда жүрөгүнүн согуусу капысынан токтоп калышы себеп болгон», — деп жазылат министрликтин маалыматында.

Буга чейин милициядан 2-апрель күнү Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүндө баланын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөнүн билдиришкен. Анын Улуттук госпиталда наркоз менен сүннөткө отургузулганы, бала Платтердин синдромуна кабылып, кан көп кетип калганы кабарланган.