Милицияга 2-апрель күнү 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2015-жылы туулган бала Улуттук госпиталдын дарыгери тарабынан сүннөткө отургузуу учурунда наркоздон кийин эсине келбей каза болгондугу аныкталган. Бала 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтердин синдрому» (жарааттан кан кетүү) деген диагноз менен түшкөн. Бул факты каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен Шаардык балдардын клиникалык ооруканасында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдиришти.