Министрликтин өкүлү: «Кытайдын вакцинасынан баш тарткан дарыгерлер бар»

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова “Азаттык” радиосуна «Кытайдан чыккан вакцинадан баш тартуунун себептери, ошондой эле, андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөө башталгандан кийин белгилүү болот» деп билдирди.

“Улуттук пландын негизинде вакцинаны кимдер аларын такташыбыз керек. Ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Азыр Интернет булактарына көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат”, — деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө — 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык «SinoPharm» компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.