Митингдерге чыгып албагыла дешкениби? АКШдагы кыргыздарга кулак кагыш…

Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги аталган өлкөнүн аймагында жашаган Кыргыз жарандарынан протесттик акциялар өтүп жаткан жайлардан алыс болууга чакырат. Вашингтон шаарындагы массалык нааразычылык акцияларына байланыштуу элчилик Кыргыз жарандарынан коопсуздук чараларын көзөмөл кылууну сурады. Жабыркаган же кармалган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат болсо, дипломаттар тез арада элчиликке бул жөнүндө кабарлап коюуну өтүндү.

Бул аралыкта социалдык тармактарда Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алуу учурунда тартылган кызыктуу сүрөт тарап, учурда ал кадр талкууга алынып жатат. Анда көп адамдын арасынан кыргыз желеги түшүрүлгөн спорттук кийимчен жаш жигитти көрүүгө болот. Бул сүрөттү колдонуучулар “фейк”, “жок, фейк эмес, чын деле болушу мүмкүн” деп талашып жатышат, азырынча анын атайын программа менен жасалып же жасалбагандыгы белгилүү боло элек.