Молдомуса Конгантиевдин бир тууган агасы: «Мени акыркы сапарга узатат деп үмүттөнгөм»

Бүгүн, 14-февралда Опера жана балет театрында ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Бир тууган агасы Камбаралы Конгантиев сөз сүйлөп жатып, экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык 12 жыл экенин айтып, аны акыркы сапарга иниси узатат деп үмүттөнүп жүргөнүн айтты. Анын билдирүүсүндө 12 жыл кайгы-капа жана азапта жүрүшкөн, бирок иниси кашым-кабагым дебей, жүрөгүндө кармап жүргөн.

«Бир ишенип, бир ишенбей турам. Жаным жай таппай, кабыргам кайышып, жылдызымдан, жалгыз инимден айрылдым. Ойлочумун «акыркы жолго мени узата турган жалгыз бир тууганым» деп. Эми мен узатып отурам. Өкүнүчтүү. Экөөбүздүн ортобуздагы айырма 12 жыл. Үмүтүмө жетпей калдым. Шум ажал жалгыз жылдызымды алып кетти. Эл дегенде ичкен тамагын таштап кетчү. Кыялы, мүнөзү, жасаган мамилелери өзгөчө болчу. Шайым кетип турам. Кош, жаткан жериң жайлуу болсун! Кош!» — деди көзүнө жаш алган маркумдун бир тууган агасы.