Москвада мектепти алтын медаль менен аяктаган бүтүрүүчү: «Алтын медаль алганыма жакындарым таң калышты» (маек, видео)

Нурлан кызы Нурадель Москва шаарында окуп, мектепти ийгиликтүү аяктаганы үчүн алтын медалга татыды. Нурадель менен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маек курду.

— Саламатсыңбы, Нурадель. Москвада, абдан чоң атаандаштыкта мектепти ийгиликтүү аяктап, алтын медалга татыптырсың. Куттуктайбыз!  Алгач өзүң тууралуу тааныштырсаң.
— Саламатсыздарбы? Рахмат. Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында төрөлгөм. Атам бала кезимде каза болуп калган. Улуу агам атамдын ордун басып, мени дайым колдоп, коргоп келет. 3-класска чейин айылда окугам. Андан соң апам Москвага көчүп келип, кийинчерээк бизди жанына алып келип алды. Москвага келгенде 1 классты аттап, 5-класска отургам. Бул жакта окуганда тил жагынан маселе болгон жок, анткени айылда орус класста окугам. Бирок 5-класстын программасын кууп жетиш үчүн көп окудум. Апам менен үйдө окучумун, атайын репетитор жалдап даярданып жүрдүм. «3кө» араң жеткен учурларым да болгон. Кийинчерээк өздөштүрүп, 8-класстан баштап окууга көп көңүл бөлдүм.

— Чоң атаандаштыкта алдыңкы болуу үчүн көп эмгек талап кылынгандыр?
— 8-класстан көп профилдүү Биберов комплекс мектебинде окудум. Жалпы алганда Мамлекеттик экзаменде базалык сабак — орус тили, математика сабактарынан чочулаган жокмун. Анткени мектептеги алган билимиме ишенгем.
Москвада бүтүрүүчүлөргө медалдар тапшырылат. Ал билим деңгээлине жараша ар кандай болуп бөлүнөт. Алтын медалды алуу үчүн сабактын баарын «5ке» аяктап, мамлекеттик экзаменден 220 упайдан жогору алыш керек. Мен 231 упай алдым.
Менин алтын медаль аларымды апам күткөн. Ал эми бир туугандарым, башка жакындарыма таң калычтуу болду. Алар 9-классты «3» жок аяктаганымды билишчү. Андан ары кандай окуп жатканымды билишкен эмес.

— Келечекте кайсы багытты тандаганы жатасың? Москвада окууңду улантасыңбы?
— Мен Москваны жетиштүү көрдүм. Бул шаар мага азыр кызык эмес. Москвага караганда Кыргызстанга барып окусам кызыктуу болот. Же Европага окусамбы деп жатам. Өзүм мода индустриясына да кызыгам. Бирок жогорку окуу жайына кийим дизайнерлик багытты тандайм.

— Маегиңе рахмат. Ийгилик!