Кыргызстандын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
22-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышкан. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.