Москвадагы эне-бала тагдыры. «Бул сенин көйгөйүң» деп урушкандан кийин, оорулуу балам бар экенин айтпай калдым» дейт аял

Гүлайым Жумабаева Орусияга 18 жыл мурда уулу Асмандын ден соолугун көрсөтүү үчүн келип, аталган өлкөдө калып калышкан. Ал 18 жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кароолчу болуп эмгектенип, ал тар бөлмөдө уулу экөө күн кечирип келишет.

Каармандын айтымында, ЖОЖдо окуп жүргөн 20 жашында аны тааныбаган жигит алып качып кеткен. «Ошол окуя жашоомду нугунан чыгарып койду. Кайра калыбына келтириш оор болду», — деди ал. 

«33 жашымда уулдуу болдум. Энелик бакытка балкып турдум. Кийин 1 жашка чыкканда бул теңдүү балдар баса басышты. Меники баскан жок. Дарыгерлер деле үн катышкан жок. Баламдын оорусун укканда, аябай жаман болуп, деңизден чыгып калган балыктай болуп калдым. Башында кыйын болду. Сиңдилерим көп кабаттуу үйдө үйдү караган кишилер керектигин, аларга бир бөлмө берилерин айтып калышты. Балам ал учурда 4 жашта болчу. Башында бул жерде эч нерсе жок эле. Менин оорулуу балам бар экенин айтсам, бир аял «бул сенин маселең» деп айтты. Жүрөгүмө мык каккандай болду. Ошондон кийин оорулуу балам бар экенин айтпай калгам», — деди ал.