Москвадагы саунада иштеген кыргыз кызы: «18 жашымда жигитим кылган нерсени эч кимге айткан эмесмин»

Асема 23 жашта. Ал мектепти бүтүп, апасына жардам берейин деп Москвага келген. Каарманыбыз 3 жылдан бери Орусиядагы сауналардын биринде денесин сатып иштеп, үйдөгүлөрүнө акча салат. «Күнүнө 20 кардар кабыл алам, ден соолугуң кетет экен» деген Асеманын тагдыр баянын видеодон көрүңүз.

«Сиңдилерим, апам бактылуу болсо, мен да бактылуу болом. 18 жашымда жигитим бар болчу. «Алам» деп ата-энем менен таанышты. Панорамага бардык. Ошол жерде унаада мени зордуктап салды. Ошондон кийин жек көрүү башталды. Эч кимге айткан эмесмин. Ал сыр боюнча калат. Ал жигит качып кетти. Үйлөнүп алган, азыр менин билишимче баласы бар. Азыр ал адамды эстебейм», — деди ал.