«Даваны көргөндө нес болдум». Орусиялык блогерден iPhone 13 белекке алган Кыргыз жигит менен маек

Орусиялык блогер, ырчы Ольга Бузованын мурдагы жигити Дава Манукян кыргызстандык курьер жигитке iPhone 13 белек кылган видеосун Инстаграмдагы баракчасына жарыялаган эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыргыз жигит менен баарлашууну туура көрүп, Эламанды кепке тарттык. Москвага барганына 1 айдан ашып калганын айткан жигит орусиялык белгилүү блогерди көргөндө нес абалда болгонун айтат.

«Мен Эламан Маликов. 18 жаштамын. Дача-СУ аймагынан болом. Москвага келгениме 1 айдан ашып калды. Даваны көргөндө (ред. Дава Манукян) нес болдум. Биз отуруп алып, 1,5-2 сааттай сүйлөштүк. Баары сонун болду», — деди ал.

Ал мындан тышкары, дал ошол видеодо тартып көрсөткөн анимеге болгон кызыгуусу 2-3 жыл мурда жаралганын айтты. «Анимеге кызыгып калганым жөн жерден эмес. Мен Бишкекте искусство мектебинде окуп жүрүп, 2018-2019-жылдары анимеге кызыгып калдым. Бош убактымда отуруп алып аниме тартчумун», — деди.

18 жаштагы Эламан Инстаграм баракчасында катталуучулардын санын көбөйткүсү келип жатканын айтты. «Азыр Инстаграм баракчамдын активдүүлүгүн көтөргүм келип жатат. Мурда азыркыдан башка баракчам бар болчу. Анда 50дөй эле катталуучум бар эле. Көбөйтө албайт экем деп таштап койгом. Анан Дава менен жолуккан соң, мүмкүнчүлүк пайда болду. Жаңы баракча ачтым, азыр катталуучуларымдын саны 5 миңге жетейин деп калды», — дейт Эламан. 

Дава Манукян жарыялаган видеону жакындары, ата-энеси да көрүп, атасы ийгилик каалаганын, жакындары тарабынан негатив болбогонун айткан Кыргыз жигиттин ишине ийгилик кааладык.