Москванын вокзалдарынан үй-жайы жок 8 Кыргыз жараны аныкталды

Орусиянын Москва шаарынын Павелецкий жана Казанский вокзалдарынан үй-жайы жок 8 Кыргыз жараны аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25-январь күндөрү элчиликтин кызматкерлери жогоруда аталган вокзалдарга барып, жашоо-шарты оор кырдаалга түшүп калган Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү. Анда үй-жайы жок 8 Кыргыз жараны аныкталып, алардын ичинен төртөө жардамдан баш тартышты. Эки жаранга мекенине кайтууга күбөлүк даярдалып берилип, аларга диаспоранын жардамы менен билет да сатып алынды. Бир жаранга паспорт даярдалып, кийин ишке орноштурууга көмөк көрсөтүлүүдө.