Мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чаралар көрүлөрү эскертилди

Мотоцикл, скутер айдагандарга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«Акыркы учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталууда. Айрыкча түнкүсүн катуу үндөр менен жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдыктар менен айдап, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Ошол себептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында эртеңден баштап, өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейддик иш-чараларды жүргүзөт. Айрыкча тийиштүү документтери жок айдаган жарандарга айып салуу менен мотоциклдери айып короо жайына токтотулат», — деп айтылат маалыматта.