Abank
SerepTV Logo

Мотуевдин үстүнөн арыз жазган кыз: "Ал мени үйүнө оңдоо иштеринен кийин жыйнашып кой деп алып барган"

Мотуевдин үстүнөн арыз жазган кыз: "Ал мени үйүнө оңдоо иштеринен кийин жыйнашып кой деп алып барган"
7-февралда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнүн билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/motuevdin-ystynon-zorduktoo-boyuncha-aryz-tyshty-milicziya-teksheryydo/">билдиришкен. Маалыматка караганда, кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу. Нурлан Мотуев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып, бул жалаа экенин айтты. «Иши кылып эле мени жаман көрсөтүп, шерменде кылыш керек да. Андай эч качан болгон эмес. Ал кыз тарабынан акча талап кылуу болгон. Бул окуяны жөн калтырбайм, ал кыздын үстүнөн арыз жазам», — деген ал. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги арыз жазган кыз менен байланыштык. "Ал мага ТикТоктон жазып жүрдү. Номурумду сурады. Жазып жүрдү. Анан үйүнө оңдоо иштери болуп жатканын айтып, мени чакырды, ошол жерде зордуктады. Анын үстүнөн милицияга арыз жаздым", - деди ал.