Муфтият «айланткан» 155 миллион сом. Соцтармакта келишимдин сүрөтү тарады

Соцтармактарга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын 155 миллион сомду үстөккө бергенинин далили делген документ тарады. Кагазда ошол кездеги муфтий Максат Токтомушев менен «Налоговый представитель» ЖЧКсынын жетекчиси Нурлан Чыныбеков аттуу жарандын колу коюлган.

Келишимде муфтияттын жетекчиси Токтомушев Чыныбековго 155 миллион сомду каржылык жардам катары берип жатканы, Чыныбеков аны кайра 2020-жылдын 31-декабрынан кечиктирбей бериши керектиги жазылган. Экинчи тарап алынган акчанын үстүнө сый акы катары муфтияттын кеңсесин курууга жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлеринин айлык акысына 14 миллион сом кошуп берүүнү убадалаган.

Азырынча бул документтин аныктыгы тууралуу расмий маалымат жок. Муфтияттын басма сөз кызматы учурда тергөө жүрүп жаткандыктан, мекеменин финансылык иштерине байланыштуу эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди.

Ушул жылдын 10-февралында УКМК «ажылык сапарга аттангандар чогулткан каражаттарды пайдаланууда каржылык мыйзам бузууларга барган» деген кине менен ошол кездеги муфтий Максат Токтомушевди камакка алган. Кийин президент Садыр Жапаров муфтияттын айланасындагы чуу тууралуу маек берип жатып, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы үстөк пайызын алып туруу үчүн кайсы бир партияга зыяратчылардан чогулган 155 миллион сомду берип коюп, ала албай жүргөнүн айткан.