Муфтияттагы чыр. Аалымдар кеңеши Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылды

Абибилла ажы Кадырбеков баштаган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Орусия өлкөсүнүн муфтийи Равиль Гайнутдинден учурда Кыргызстанда орун алган маселени чечүүдө жардам көрсөтүшүн суранып кат жолдошту.

Аалымдар экс-муфтий Максатбек Токтомушев муфтиятты башкарып турган учурда көптөгөн катачылыктарга жол берген деп эсептей турганын белгилешти.

“Биз бул катта мурдагы муфтийдин жол берилгис деп эсептелген бир катар катачылыктарын санап кетели. Атап айтканда, ал социалдык тармактарда ачыктан-ачык эле салафи масхабын жана Таблиг Жамаатына чакырык кылган билдирүүлөрдү жасап келген. Бул тереңинде биздин салттык диний ишенимдерибизге каршы келет”,- деп жазылат катта.

Дин кызматкерлери Орусиянын муфтийинен Кыргыз ажоосу Садыр Жапаровго жана өкмөткө кайрылып, айтылган көйгөйлөргө көңүл бурууларын эскертип билдирүү жасашын суранышты.

Эскерте кетсек, экс-муфтий Максатбек Токтомушев 11-февраль күнү ажылыкка баруу үчүн элден чогулган каражатты туура эмес пайдаланууга шектелип кармалган. 12-февраль күнү ал үй камагына чыгарылып, муфтиятка дагы бир кылмыш иши козголгон.

Акин Токталиев баштаган бир катар укук коргоочулар болсо УКМК муфтияттын ишине аралашпашы керек, бул кармоолор өзү мыйзамсыз деп билдирүү таратышкан эле.

Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров “бул резонанстуу окуя. Диний ишмерлер акыркы 5-6 жылдан бери эки жакка бөлүнүп, ич ара тирешип келишет. Декабрь айында мен шатбымда отурган кезде Максат ажы келип, Аалымдар кеңеши аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтеткени жатканын айтып даттанган эле. Биз аны менен бир сааттын тегерегинде сүйлөшүп отурдук”,— деп комментарий берген.