Мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет. Акча чогултууга болбойт

Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
— иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоо;
— майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга тыюу салуу.