Мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өттү. Эми окууну салттуу форматта баштоого болобу?

Мугалимдердин 70 пайызы коронавируска каршы эмдөө алышты. Бул көрсөткүч окууну мектепте салттуу форматта баштоого жетиштүү. Бул тууралуу журналисттерге Билим берүү министрлигинин мектепте жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. 

Анын айтымында, 27-августка карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 82,7 пайызы, мугалимдер менен мектеп кызматкерлеринын 69,25 пайызы, баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 79,7 пайызы, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 59,7 пайызы, университет кызматкерлеринин 36, 5 пайызы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн. «Мугалимдердин 70 пайызы коронавируска каршы эмдөө алышты. Бул көрсөткүч окууну мектепте салттуу форматта баштоого жетиштүү», — деди ал.

Ал мындан тышкары, окуу жылынын 15-сентябрга жылышы боюнча да өз оюн билдирген. «Мектеп кызматкерлеринин жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек болчу. Коллективдүү иммунитетти калыптандыруу үчүн убакыт керек эле. Бул жерде суроо мугалимдердин ден соолугуна байланыштуу. Балдар болсо жугуштуу ооруларды жеңил көтөрөт. Туристтик сезондун узартылышы же талаа иштери министрликке тиешеси жок», — деди ал.