Министрлик: «Мугалимдердин эң көп айлыгы 50 миң сомдон ашышы мүмкүн»

Мугалимдердин айлыгынын эң жогорку оклады 35 миң сом. Бирок эмгек стажына, олимпиадаларда жана башка билим берүү жаатындагы жетишкендиктерине жараша кошумча төлөмдөр кошулуп, 50 миң сомго чейин алышат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Быйылкы жылдын октябрь айынан тарта каалоочу мугалимдер аттестациядан өтө баштайт. Аттестациядан алган категорияларына жараша айлыгына дагы 5 миң сомго чейин кошумча төлөм ала алат. Жалпы эсептегенде, стимулдук төлөм жана категориялык төлөмдөр кошулуп, максимум 50 миңден көбүрөөк маяна алып калуусу мүмкүн», — дешти министрликтен.