Мунарбек эмне үчүн жаңы унаасын бекитпей кеткен? Машыктыруучунун жообу

Кечээ, 13-августта Бишкекте Париж Олимпиадасынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Анда Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга акчалай сыйлык жана унаа берилди.

Социалдык тармактарда «Мунарбек жаңы алган унаасынын эшигин жаппай, калтырып кетиптир» деген видео тарады.

Мушкер кечээ спортчуларды сыйлоо аземинен кийин жаңы алган жол тандабасын бекитпей кетип калган. Жаңы машинасы Эски аянтта ичинде 10 миллион сомдук сертификаты менен ачык бойдон калган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев менен байланышканыбызда, алгач маалымат жыйынга барганын, ал жерден чыгып, намаз окуу үчүн мечитке киргенин айтты.