Социалдык тармактарда мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун белекке алган Камри үлгүсүндөгү унаасын Кара-Балта шаарындагы медресенин ректоруна тапшырып жаткан видео тарады.
«Президент берген унааны атама белек кылдым. Өзүмө жаккан унааны сизге белек кылып жатам. Чын жүрөктөн алып коюңуз»,- деди мушкер.
Бирок ректор баш тартып, «андай кыла албайбыз, өзүңүзгө буюрсун» деди. Бирок мушкер болбой койгондугуна байланыштуу, ректор өзүнүн унаасын Мунарбекке белекке берди.