Мунарбек Сейитбек уулу, Акжол Махмудов жана Кубанычбек Айбек уулуна Ошто кандай сый көрсөтүштү?

Бүгүн, 15-августта Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, балбан Акжол Махмудов жана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Ошко барышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жергиликтүү ЖМКлар жазгандай, Ош мэриясы Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы, 1 миллион сом тапшырышты. Ошондой эле Акжол Махмудовго 1 миллион сом берилди.

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусуна Ош шаарынан 2 бөлмөлүү үйдүн ачкычы жана 500 миң сом тапшырылды. Ал эми Акжол Махмудовдун машыктыруучусуна 250 миң сом берилди.

Кубанычбек Айбек уулуна 250 миң сом, машыктыруучусуна 100 миң сом берилди. Ошондой эле 3 спортчуга аргымак миңгизишти.