Мунарбек Сейитбек уулуна күйөрмандык кылуу үчүн чогулгандардын маанайы (видео)

9-августка караган түнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Бүгүнкү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Эми ал 11-августка караган түнү өзбекстандык Абдумалик Холоковменен беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулун колдоп, сүрөгөндөрдүн бир тобу Бишкектеги “Ынтымак” сейил багына чогулушту. Алар беттешти чоң экранда көрүп, “Мунарбек” деп кыйкырып, алга сүрөп жатышты.