«Мурас» мелдешин жеңип алган ак халатчандар утушун балдарды реабилитациялоо борборуна берет

Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Ден-соолук” командасы утушун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна берет. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Мындай чечимди Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жана турнирдин катышуучулары Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөнүн алкагында кабыл алышкан. 

28-майда «Мурас» мелдешинин финалында «Спорттук федерациялар» «Ден-соолук» менен кез келип, негизги убакыттын соңунда эсеп саны тең калып, пенальтилер сериясында гана саламаттыкты сактоо өкүлдөрү жеңишти сууруп чыга алышкан.