«Мурас» турнири эми жаз мезгилинде өтөт. Оюндун жүрүшүнөн кызыктуу көз ирмемдер…

Бишкек шаарында 14-15-декабрь күндөрү өткөрүлгөн футбол боюнча үчүнчү «Мурас» достук турнири жыйынтыкталды.

Беттештердин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Спорттук федерациялар» командасы алды. Аларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды. «Президенттин командасы» командасы 2-орунду ээлеп, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Ал эми 3-орунду алган «Коопсуздук» командасына 200 миң сомдук сертификат ыйгарылды, 4-орун үчүн «Достук» командасына 100 миң сом тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спортто жеңишти сатып алууга болбой турганын, демек, күчтүүлөр жеңишке жетээрин белгиледи. Мамлекет башчысы коомчулуктун суроо-талабына байланыштуу келерки жылдын жазында өтө турган турнирге 20 жаштан 40 жашка чейинки оюнчуларды командаларга киргизүү тапшырмасын бергенин белгиледи. Буга чейин «Мурас» турниринин жобосуна ылайык командаларга 40 жаштан жогорку оюнчулар гана киргизилген.