Мурат Мамбетов: «Уулумдун кыйналганын көрүп эч кимге көрсөтпөй көзүмө жаш алам»

«Уулума 1,5 айга дары алыш үчүн 30-38 миң сом кетет. А менин тапканым 22 миң сом болот. Албетте туугандар жардам берет», — дейт Кыргыз Эл артисти Мурат Мамбетов маек учурунда.

«Кечке эле сурай бергенден да уялам, Кудайга шүгүр, жашап жатабыз. Уулумдун кыйналганын көрүп эч кимге көрсөтпөй көзүмө жаш алам. Эми аны жубайым көрбөсүн, балам билбесин. Балам кандай ооруп, кыйналып жатса дагы үйдө дайыма күлкү, ыр, тамаша болуп турат. Жубайым үйдөгү жакшы маанайды кармайт. Жубайымдын үй-бүлөгө жасаган эмгеги чоң», — дейт ал.