Мурдагы депутат Марат Султановдун апасы көз жумду

Мурдагы депутат Марат Султановдун апасы көз жумду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков билдирди.

«Коомдук жана саясий ишмер Марат Султановго апасы Роза Теңизбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Роза Урумовна, сиз баарыбыз ажалга ыраа көрбөй турган асыл адам элеңиз. Маңдайга жазган жазмыш, жараткандын өкүмүнө эч кимибиз каршы чыга албайт экенбиз. Марат Абдыразакович, аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз», — деп жазды ал.