Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаардык илимий изилдөө борборуна жаткырылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты. Кызматтан анын кайсы диагноз менен ооруканага түшкөндүгүн айтышкан жок.

Парламенттик шайлоодон кийин баш калаада башаламандык болуп, 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров жана башкалар абактан бошотулган. Кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы муну мыйзамсыз деп баалап, бардык туткундарды жазаланган жерлерине кайтарууну талап кылган. Бир нече күндөн кийин Жантөрө Сатыбалдиев өзү 47-түзөтүү колониясына барган. 

Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча кармалып, 7 жарым жылга эркинен ажыратылган.