Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Сотто митинг өткөрүштү

Бүгүн, 16-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Сотто митинг өткөрүштү. Ага мурдагы өлкө башчынын жубайы Раиса Атамбаева жана балдары да катышты.  Алар соттук отурумдун дагы жылдырылып кетишине нааразычылыгын билдиришти.

Бүгүн саат 14:00дө Жогорку Сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш боюнча доо арыз каралмак. Бул иште башкы айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экени маалым. Анын жактоочусу буга чейин Жогорку Соттон райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүүнү өтүнгөн эле.

Бирок соттук отурум коллегияга кирген судьялардын бири ооруп жаткандыгына байланыштуу жылдырылды.