«Муунган абалда табылган». Бишкекте 24 жаштагы кыздын өлүмү боюнча милиция комментарий берди

ӨКМ маалымат таратып, Бишкектеги батирде 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден окуянын чоо-жайын айтышты.

Маалыматка караганда, милицияга Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлерлин биринде эшикти ача албай жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери барышкан. Териштирүү учурунда милицияга кайрылган жаран батирдин ээси экендиги аныкталган. Ал батирди кызга ижарага бергенин айткан.

ӨКМ кызматкерлери эшикти ачкан учурда 1997-жылы туулган кыз кишинин жансыз денеси терезе тордун байлагычына муунган абалда табылган. Жансыз денени кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Ошондой эле, окуя болгон жерди кароодо эч кандай жазуу жана аудио-видео кайрылуулар табылган эмес, ашканадагы столдо коньяктын бөтөлкөсү, паспорт жана iPhone маркасындагы уюлдук телефон табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.