Муз тоңуп деңгээли көтөрүлгөн Ала-Арча суусу көзөмөлгө алынууда

Бишкек шаарын аралап аккан Ала-Арча суусунун нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Абалга ыкчам түрдө чара көрүү максатында жеринде 13-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен инженердик техникалар тартылып, шаардык мэрия менен биргеликте дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, 14-январда Ала-Арча суусунун кооптуу делген Иса Ахунбаев көчөсүнөн Алиаскар Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыкта ӨКМден 2 экскаватор жана 3 жүк ташуучу унаа тартылып, кызматкерлер күнү-түнү суунун нугун көзөмөлгө алуу менен иш алып барууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын чатыры тигилип, кызматкерлер суу каптап кетүү коркунучун 24 саат бою көзөмөлгө алып, иш алып барууда
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун айтымында, тазалоо иштери күнү-түнү тынымсыз уланып, учурда суу каптоо коркунучу жок. Кошумча маалымат берилет.