«Муздатуу системасы, панорамалык терезе…». Бишкек 2 — Рыбачье темир жолундагы вагондор жаңыланды

26-июнда Бишкек 2 — Рыбачье темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыланган вагондо акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, «Кыргыз темир жолу» ишканасы өз күчү менен вагонду модернизациялап, заманбап муздатуу системасы, панорамалык терезелер менен жабдып, аны орнотуу үчүн шыптарды, полдун аянтын бекемдөө, эшиктерин, санитардык түйүндөрдү орнотуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлдү.