«Мыйзам алдында баары бирдей». Кайгуул кызматы эмне үчүн Айпери Медет кызынын унаасын жүктөп кеткенин айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары «Айпери Медет кызы маалымат жыйында отурса, унаасын БШКнын алдынан эвакуатор менен жүктөп кетти» деп жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан эгер унаа спортчу кызга таандык болсо, “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдиришти.

«Ал жерде токтоого болбойт деген жол белгиси бар. Ошол жерде туура эмес токтоп турган унаалар ээси жок болсо, кайгуул кызматкерлери эвакуатор менен жүктөп кетет. Ал унаалар “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайына түшүрүлүп токтотулат. Эгерде бул спортсмен кызыбыздын унаасын алып кетсе, “Ак-Жолтой” унаа токтотуучу жайда болот. Ал жерде тийштүү айып пулун төлөп, алып кетсе болот. Албетте, биз спортсмендерибизди сыйлайбыз. Бирок мыйзам алдында баарыбыз бирдей экендигин эскертебиз», — дешти алар.