Бүгүн Бишкекте жарандык активисттер жыйырманчы жөө жүрүшүнө чыгышты

Бишкекте бүгүн, 28-мартта «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү кайрадан өттү. Бул тууралуу митингдин катышуучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.

Тынчтык жүрүшүнө 15  адам катышкан. Андагы жарандык активисттер салт болуп калгандай эле Темир жол вокзалына чогулуп, андан соң Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин келишти.

«Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүштүн өкүлү Улан Үсөйүн мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты, коопсуз, өнүккөн өлкөнү талап кылууну уланта беришерин айтты. «Жамгыр эмне, кар эмне? Мыйзам бузулуп жаткан жерде? Бүгүн 20-жүрүш, 5-ай болду», — деп жазды Үсөйүн.

Белгилей кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү 2020-жылдын 22-ноябрынан бери ар жекшемби сайын өтүп келет.