Мындан ары долларга жараша… Өлкөдө рублдун расмий курсун аныктоо тартиби өзгөрдү

Мындан ары долларга жараша… Өлкөдө 14-марттан тартып рублдун расмий курсун аныктоо тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банк 11-мартта сомго карата рублдун расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом 14-марттан тарта күчүнө кирет. Документ ички валюталык рынокто чет өлкөнүн валютасына байланыштуу спекуляциялык операциялар болушу ыктымалдыгын алдын алуу максатында кабыл алынган. Рублдун расмий курсу сомго карата «Блумберг» жана «Рейтерс» маалымат агенттигинде катталган доллардын рублга карата курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелет. Буга чейин рублдун расмий курсу Москвадагы банктар аралык валюталык биржасында жайгаштырылган баалардын негизинде кросс-курс боюнча эсептелип келген. Дал ушул 2013-жылы кабыл алынган токтомдогу пункт жаңы токтомдо күчүн жоготтту.

Кросс-курс — бул бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма.