Мүрөк, Мөлтүр, Айдар. Ошто жарыкка келген 3 эмдин апасына акчалай көмөк көрсөтүлдү

Үч эм төрөгөн энеге акчалай көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды. Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.

Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди.